COVID-19. Бир суткада 3 кишиден вирус аныкталды

10:23, 14 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус дагы 3 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 268 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.