10:23, 14 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус дагы 3 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«Сакайгандар жок», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 268 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.