Өзбекстан Украинага 34 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

09:23, 12 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Украинанын Закарпатье облусу 8-апрелде Өзбекстан жөнөткөн 34 тоннадан ашык гуманитардык жүктү алды. Бул тууралуу аталган облустук акимчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Облус башчысы Виктор Никита Өзбекстандан гуманитардык жүк менен дары-дармек, жеке аптечкалар жана узак мөөнөткө сактала турган азык-түлүктөр сыяктуу зарыл нерселер келгенин билдирди.

«Жүк дароо согуш жүрүп жаткан аймактарга жеткирилет. Жардам үчүн Өзбекстандын өкмөтүнө, гуманитардык коридор үчүн Украинанын Өзбекстандагы элчиси Николай Дорошенкого ыраазычылык билдирем», — деди Никита.