Билим берүү министрлиги мектептеги окууну 12 жылдыкка өткөрмөкчү

10:56, 08 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Билим берүү министрлиги мектептеги окууну 12 жылдыкка өткөрмөкчү. Бул тууралуу министр Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, 1- класска эми 7 эмес, 6 жаштан кабыл алынат.

«6 жашынан 1-класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Бул дүйнөлүк стандартка туура келет», — дейт ал.