Жумгалда эки жашар бала сууга түшүп каза тапты

10:13, 08 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Жумгалда 2 жашар бала сууга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Чаек айылында Жумгал суусуна 2020-жылы туулган А. уулу С. аттуу эркек бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Жумгал райондук №43 ӨКБдан 9 куткаруучу, ИИМден 8 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылып, жергиликтүү тургундар тарабынан жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.