2021-жылы 224 кыргыз жаранына карата баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү айыпы менен 327 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчиги маалымдайт.
2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 кылмыш иши козголгон.
«Россия Федерациясынын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет», — дейт элчилик.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн айтымында, Орусиянын аймагында жасалып жаткан баңги заттарды сактоо, сатуу жана ташуу менен байланышкан кылмыштардын саны акыркы жылдары көбөйүп жатат.
«Баңги затын тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин жаза күтө. Эркинен ажыратуунун орточо мөөнөтү — 7 жыл. Абактагылардын көбү 16 жаштан 30 жашка чейинкилер», — дейт элчилик.

