13:47, 06 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык «санариптик көчмөндөр» үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тескеменин максаты жана тапшырмасы — маалыматтык-коммуникациялык технологиялар («санариптик көчмөндөр») чөйрөсүндө иштеген заманбап, чыгармачыл жана жогорку квалификациялуу адистерди, инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.
Министрлер кабинетине тескемени аткаруу үчүн төмөнкүлөр тапшырылды:
— маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө квалификациясы бар жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн каттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин иштеп чыгуу, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караштыруу: