Бишкекте сугат иштери башталды

10:43, 06 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектин гүлзар жана сейил бактарын сугаруу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сугат иштери Каралаев, Абдрахманов, Эркиндик жана Жаш Гвардия бульварларында, «Театральный» гүлзарында жана «Ата-Түрк», «Жеңиш, «Жаштар» сейил бактарында жүргүзүүлүүдө.

Быйыл сугат иштери эрте башталганынын себеби — жердин нымдуулугун сактап калуу. Жайдын аптап күндөрү бак-дарактардын абалына жакшы таасир этет.