Кичи райондордогу лифттер текшерилип жатат

13:35, 05 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын адистери көп кабаттуу үйлөрдө жайгашкан лифттердин техникалык абалын текшеришти. Бул тууралуу мэриянын басма соз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текщерүү 7-кичирайонундагы №38 жана №40 үйлөрдөгү лифттерден башталды.

Лифтердин эшиктери, шахта, кабина жана кыймылдаткычы каралды. Бул лифттер 38 жылдан бери иштеп, абалы канааттандырарлык экен.

Адистер көтөргүчтөрдүн жарамдуулугун текшерип, тургундардын суроолоруна жооп берип, иштебей турган лифттерди жандандырды.