10:27, 05 апреля 2022, Бишкек - 24.kg
Россиядан мигранттардын кайтып кетүүсү байкала элек. Бул тууралуу маалымат жыйында Мигранттардын федерациясынын президенти Вадим Коженов билдирди.
Анын айтымында, Россияда 8-9 миллион эмгек мигрантты бар.
Вадим Коженов учурдагы кырдаал мигранттардын жашоосуна анча таасир бербегенин айтат.
2021-жылы Россияда 13 миллион 392 миң адам миграциялык каттоодо турган.
Өзбекстандан келген мигранттардын саны 4 миллион 961 миң, Тажикстандан — 3 миллион 76 миң, Кыргызстандан — 1 миллион 63 миң киши Россияда иштейт.