Эл каттоо аяктады. Үч күн контролдук каттоо жүрөт

16:45, 04 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Эл каттоо Нарын, Чүй, Ысык-Көл облустарында жана Бишкек менен Ош шаарында аяктады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Маалыматка караганда, 4-6-апрелде контролдук каттоо өтөт.

«Андыктан, каттоого өз учурунда кандайдыр бир себептерден улам алынбай калган үй-чарбалардын мүчөлөрү контролдук каттоо маалында каттоого алынат», — дейт статком.

Алыскы аймактардагы эл каттоо өнөктүгү ушул эле жылдын 23-апрелден 2-май аралыгында өткөрүлөт.