Президент жарандарды кымбат буюмдарды сатып албай турууга чакырды

16:03, 04 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын ашыкча чыгымдарды азайтууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн социалдык тармактын кызматкерлери менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, каатчылык мындан да күчөп кетиши ыктымал.

«Ооба, азыр абал оор. Бардык жерде кымбатчылык. Баалар өстү. Жумуш жок. Эң зарыл деген нерселерге акча табуу кыйындап баратат. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам, кырдаал мындан да начарлап кетиши мүмкүн. Биз буга даяр болушубуз керек. Баарыңыздардан чыгымдарды кайра карап чыгып, кымбат буюмдарды сатып алууну кийинкиге жылдыра туруп, той-топурду азайтып, каражатты ысырап кылбоого чакырам. Мен өз Жарлыгым менен сөөк коюу каадасында мал союуга чектөө киргизгенимди билесиздер. Бүгүнкү күндө мамлекеттик деңгээлдеги да, ар бир үй-бүлөнүн деңгээлинде дагы эң негизги маселе — бул азык-түлүк коопсуздугу. Айдоо жерлерибиздин бир метр жерин да кысыр калтырбайлы! Жаздын ар бир күнүн жер менен иштөөгө жумшооңуздарды өтүнөм. Жаздын бир күнү — жылга тете», — деди ал.