Лейлек районунда 140 орундуу жаңы бала бакча ачылды

14:30, 04 апреля 2022, Бишкек - 24.kg

Лейлек районунда 140 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Баткен облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди. 

Алардын маалыматында, Кулунду айылындагы «Бурул эне» балдар бакчасынын жаңы имараты 140 орундуу.

Белгилей кетсек ,аталган мекеменин имаратынын курулуш иштери 2019-жылы башталган.  Жалпы сметасы 42 млн сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, «Илек-Илек» ЖЧКсы курулуш кишин ишке ашырган.

Бакчада  13 тарбиячы иштейт.