Samsung Бишкекте жаңы иштеп чыгууларын тартуулады

15:51, 31 марта 2022

30-мартта Samsung Electronics Кыргызстандын борборунда өнөктөштөрү үчүн B2C семинарын өткөрүп, ар кандай инновациялык продуктыларын тартуулады.

Компания жыл сайын өнөктөштөрүн негизги инновациялары менен тааныштыруу максатында бизнестер үчүн презентация өткөрөт — тиричилик техникасынын чекене тармактары, ишканалар, мейманканалар, уюлдук операторлор жана башкалар.

Фото

Бул иш-чарада колдонуучулар үчүн визуалдык чечимдерге — мониторлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Өнөктөштөр Samsung компаниясынын пандемия учурунда дүйнө жүзү боюнча популярдуулукка ээ болгон, күнүмдүк жашоого, тактап айтканда, жумушка, окууга, интернетте издөөгө жана көңүл ачууга ылайыкталган универсалдуу Smart Monitor менен таанышышты. Түзмөктүн негизги өзгөчөлүгү — ЖКнын жоктугу. Монитор атайын программалардын топтому жана Microsoft Office 365 булут кызматы аркылуу офис компьютерине дистанциялык түрдө туташа алат. Samsung өкүлдөрү кантип эми үйдөн эле маанилүү долбоорлор менен иштөөгө же интерактивдүү окуу материалдарын үйрөнүүгө болорун көрсөтүштү. Smart Monitor компьютерге гана эмес, Galaxy же iPhone смартфондоруна да туташтырылышы мүмкүн. Жумуштан кийин, Smart Monitorуна орнотулган Netflix сыяктуу стриминг кызматтарды колдонуп, кызыктуу тасманы же оюндарды көрүү менен кечиңизди өткөрө аласыз. Башка артыкчылыктары менен катар эле монитор аз орунду ээлейт.

Фото

Компания ошондой эле адистештирилген мониторлорду тартуулады — укмуштуудай өзгөчөлүктөрү бар Odyssey G3, G5, G7, G9 геймердик линиясы: 24төн 49 дюймга чейинки диагональ, жооп берүү убактысы 1 мс жана кадр ылдамдыгы 240 Гц болгон ультра жогорку сапаттагы экрандар. Сүрөттүн сапаты геймерлерди таң калтырат: өзгөчө түс берүү, HDR2000 колдоосу, катышы 1 000 000:1 болгон эң жогорку деңгээлдеги контраст, терең кара жана ачык ак, түстөрдүн максималдуу тереңдиги жана деталдаштыруу. Оюн моделдери экрандагы окуяларга максималдуу түрдө чөмүлүү үчүн жалпак жана ийри корпустарда чагылдырылган футуристтик жана келишимдүү дизайнга ээ. Samsung компаниясынын геймердик чечимдери Алматы жана Бишкек шаарларындагы заманбап компьютердик клубдардында ийгиликтүү ишке ашырылган.

Фото

Ошондой эле B2C семинарынын катышуучулары графика, фото жана видео монтаждоо тармактарындагы колдонуучулар арасында өзгөчө суроо-талапка ээ болгон ультра жогорку сапаттагы UHD мониторлору менен таанышышты. Samsung түзмөктөрдү алардын муктаждыктарына ылайыктуу спецификациялар менен жабдыган. Мисалы, январь айында тартууланган 27 жана 32 дюйм диагоналдык диапазону менен Samsung S8 профессионалдык монитору (S80PB) 3840 × 2160 пикселдеги сапат жана 98% DCI-P3 түстүү гаммасына ээ. Ал эми Видеоэлектроника стандарттар Ассоциациясынын (VESA) Display HDR 600 стандартынын аркасында, монитор колдонуучуга мазмунду баштапкы сапатта көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, бул UL (Underwriter Laboratories) сертификаты менен дүйнөдөгү биринчи жарыктык тактары жок монитор — дисплейдин күңүрт жабуусу бленд жок болгон учурда да жарыктын чагылышын азайтат.

Инновациялык дисплейлерден тышкары, компания Бишкектеги өнөктөштөрү үчүн эстутум чечимдерин көрсөттү: ЖК жана ноутбуктар үчүн 8 ТБга чейинки көлөмдөгү ишенимдүүлүккө жана туруктуулукка ээ болгон жогорку ылдамдыктагы SSD дисктери, соккудан коргоочу бекем конструкциясы менен 2 ТБга чейинки портативдик SSDлер, манжа изинин сенсору менен камсыздандырылган жеке маалымат коопсуздугунун жогорку деңгээли жана 512 ГБка чейинки супер ылдамдыктагы (10-класстагы ылдамдык) microSD карталары мобилдик түзмөгүңүздө көбүрөөк сүрөттөрдү жана видеолорду сактоого мүмкүндүк берет.

Фото

Samsung Electronics ошондой эле өнөктөштүрү үчүн эң акыркы инновациялык бизнес чечимдерин тааныштыруу максатында жыл сайын B2B көргөзмөлөрүн өткөрөт: мейманканалар үчүн жекелештирилген программалык камсыздоосу бар коммерциялык дисплейлер, 3D мазмунун көрсөтүү үчүн модулдук экрандар жана видео дубалдар, ишканалар үчүн коопсуз мобилдүү чечимдер.