Интервенция жардам берген жок. Доллардын куну түшүүдө

14:32, 31 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда доллар төмөндөп жатат. Бүгүн эле ал 2 сомго арзандады.

Учурда АКШ валютасын Бишкектеги коммерциялык банктар 79,5-80 сомдон сатып алып, 81,5-82,5 сомдон сатууда.

Улуттук банкта расмий курс 83,309 сом.

Рубль 0,8-0,92 сомго сатып алынып, 1,01-1,05 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, Улуттук банк кечээ валюта рыногундагы долларларды сатып алган. Бирок, ал АКШ валютасынын наркын көтөрүүгө жардам берген жок.