12:09
USD 89.43
EUR 97.09
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 12 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор жок

Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус дагы 12 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Чүй облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 7 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 84 бейтап, амбулатордук түрдө 66 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 935 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 213 киши айыгып чыкса, 2 миң 988 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар