11:44, 30 марта 2022, Бишкек - 24.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда 320 миллион сомдук 127 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги айыл чарба багытындагы 127 гектар жер райондук «Кадастр» ишканасынын кызматкерлери тарабынан менчикке мыйзамсыз берилген.
Аталган факты боюнча учурунда прокуратура тарабынан кылмыш иши козголуп, жер тилкесине мыйзамсыз берилген укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтерди жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.