1-апрелден тарта ири бизнес электрондук эсеп-фактурасын колдонууга милдеттүү

16:41, 28 марта 2022, Бишкек - 24.kg

1-апрелден тарта ири бизнес электрондук эсеп-фактурасын колдонууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, соода жүгүртүүгү бир жылда 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчү электрондук эсеп-фактурасын киризиши шарт.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып КНС төлөөчүлөр, ошондой эле товарларды импорттоочулар жана/же экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны милдеттүү түрдө тариздешүүдө.

Толук маалыматты, салык төлөөчүнүн колдонмосун жана «Электрондук эсеп-фактура» системасы менен иштөө боюнча жооптуу кызматкерлердин байланыш номерлерин Салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынын «Электрондук эсеп-фактура» бөлүгүнөн алууга болот.