COVID-19. Бир суткада 10 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

09:03, 25 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 25-мартка карата коронавирус дагы 10 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 14 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 6, Чүй облусунда — 5, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында бирден бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 88 бейтап, амбулатордук түрдө 58 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 857 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 983 адам каза болду.