Лейлекте чек араны мыйзамсыз өткөн тажик жараны кармалды

16:42, 22 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Сүлүктү шаарында чек араны мыйзамсыз бузуп өткөн тажик жараны кармалды. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Согди облусунун Расулов районунун т1975-жылы туулган тургуну, Сидикзода Нигина Сүлүктү шаарындагы ашканалардын биринде иштеп жаткан. Анын чек араны мыйзамсыз кесип өткөн аныкталды.

Бул факт Сүлүктү ШИИБне Кыргыз республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталат.