13:43, 22 марта 2022, Бишкек - 24.kg
Акыркы он жылда Кыргызстандагы токойлордун аймагы алты эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында Токой чарбасынын директору Алмаз Мусаев билдирди.
Анын маалыматында, 2010-жылы өлкө аймагынын 5,6 пайызын токойлор түзсө, 2020-жылы бул сандар 6 пайызга көбөйгөнү байкалган.
Белгилей кетсек, Мамлекеттик токой фондунун жалпы аянтты — 2 миллион 619 миң 700 гектар. Анын 1,1 миллиону токойлор.