Ишкер алдамчылыкка шектелип кармалды

11:47, 22 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «ДТ Техник» ЖЧК ишканасынын башкы директору Фархатжон Досматов алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка караганда, келтирилген зыяндын суммасы 1 миллион 250 миң долларды түзөт.

Фархатжон Досматов Бишкектеги №1 Тергөө абагына киргизилди.