Расмий маалыматта Боранбаев «мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдоого» айыпталып жатканы жазылган.
Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлашкан. 17-мартта «Целинный» заманбап маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.
Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан.
Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү «Алмалы» активдерди башкаруу компаниясына, «Кемикал» мунай-химиялык компаниясы, «Алекс» минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана «КазТурбоРемонт» холдинг компанияларында үлүштөрү бар.