Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандагы президенттик шайлоону утуп алды

13:50, 15 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Түркменстандын мурдакы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар президенттик шайлоодо эң коп добуш алды. Бул тууралуу өлкөнүн Боршайкому билдирди.

Президенттик шайлоого 9 талапкер катышкан. Шайлоого катышкандардын 72,97 пайызы Сердар Бердымухамедовго добуш беришти.

Түркмөн Боршайкому Сердар Бердымухамедовду шайланган президент катары жарыялады.

Гурбангулы Бердымухамедов февраль айында отставка кетерин айтып, президенттик шайлоо жарыялаган.