12:49
USD 86.47
EUR 93.31
RUB 1.03

ӨКМ соода түйүндөрүнө кум шекерди 70, өсүмдүк майын 130 сомдон жеткирүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги соода түйүндөрүнө кум шекерди 70, өсүмдүк майын 130 сомдон жеткирүүдө. Бул тууралуу  министр Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, 24-февралдан баштап Россия жана Украинадагы окуялардын улам Кыргызстанда бир катар имиштер пайда болууда.

«Дүкөндөрдө азык-түлүктүн көлөмүнүн азайышы жана баасынын жогорулашы байкалууда. Президенттин тапшырмасы, Акылбек Жапаровдун көзөмөлүндө 1 млн кг кумшекерди өлкөнүн соода түйүндөрүнө таркатып жатабыз. Кумшекердин сатылышы 1 кг 70 сомдон болот. Мындан сырткары, өсүмдүк майдын тартылышы болот деген дагы сөздөр тараган. Азыр 500 миң литр өсүмдүк майын дагы соода уюмдарына жеткирүүдөбүз. Анын 1 литри 130 сомдон сатылат», — дейт министр.

Эң көп окулган жаңылыктар