10:44, 15 марта 2022, Бишкек - 24.kg
Мекендик жана чет элдик жогорку окуу жайлары тарабынан жасалма диплом берүү фактылары текшерилүүдө. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Маалыматка караганда, төмөнкү окуу жайлар тарабынан берилген дипломдор текшерилүүдө:
- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
- К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) - 11;
- Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) - 5;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) - 5;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). - 3;
- Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - 2;
- Финансы-экономикалык академиясы - 1;
- Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы - 2;
- К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети - 1;
- “Дастан” технологиялык университети - 1;
- Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигинин алдындагы Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту - 1;
- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) - 1;
- Бишкек технологиялык колледжи - 1;
- Бишкек финансы-экономикалык техникуму - 1;
- Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
- Ош технологиялык университети - 1;
- Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
- К.Батыров атындагы элдердин достугу университети - 2;
- Чуй Университети - 1;
- Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму - 1;
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - 3;
- Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы - 1;
- Балыкчы социалдык-экономикалык институту - 1;
- Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби - 1;
- Талас мамлекеттик университети - 1.