Шектүүнүн коомдук жактоочусу Канат Хасанов «Азаттыкка» ал Түштүк Кореянын эки жаранынын ортосундагы каржылык маселеге байланыштуу шек саналып жатканын айтты.
Жамангуловго ким арыз жазганы жана иштин-чоо жайы тууралуу азырынча кенен маалымат бериле элек. Ал 12-мартта Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ошол эле күнү кармалган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Акылбек Жамангулов «Мегакомду» 2018-жылдан 2021-жылга чейин башкарган.