Бишкектеги Россия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды

16:16, 14 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектеги Россия элчилигинин алдында митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Маалыматка караганда, 11-марттан 11-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чаралардан сырткары жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан уюштурулган митинг-акцияларды Манас көчөсүнүн № 55 дарегинде жайгашкан Россиянын элчилигинин алдында, борбодук «Ала-Тоо» аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик аппаратынын имаратынын алдына өткөрүүгө чектөө коюлат.

Жарандар жана өкмөттүк эмес уюмдар митинг-акцияларды Бишкектин Рыскулов жана Н.Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Максим Горький атындагы скверге өткөрө алат.