12:05, 11 марта 2022, Бишкек - 24.kg
Нарын облусунун Кочкор районунун борбору Кочкор айылында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты.
«Нечен кылымдарды башынан кечирген кыргыз элинин тарыхында жамы журттун намысын жогору койгон, өзүн күнүмдүк турмуштан жогору туткан, бүткүл өмүрүн өз элинин келечегине арнаган адамдар арбын болгон. Алардын бири — Турдакун Усубалиев», — деди Садыр Жапаров эстеликти ачуу аземинде.
Кыргыз ССРин 1961-1985-жылдары башкарган Турдакун Усубалиевге Кыргыз Эл баатыры наамы ыйгарылган. Ал 2015-жылы 86 жашында көз жумган.