13:34, 10 марта 2022, Бишкек - 24.kg
«Кавак» улуттук компаниясы» ачык акционердик коому түзүлдү. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
«Кавак» Кара-Кече жана Миң-Куш кендерин натыйжалуу иштетүү тутумун уюштуруу максатында түзүлгөн.
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд уставдык капиталы 1 миллион сом өлчөмүндө аныкталган «Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уюштуруучусу катары саналат.
Буга байланыштуу Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна төмөнкүлөр тапшырылды:
«Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уставын бекитсин жана «Кавак» улуттук компаниясы" ААКты юстиция органдарында мамлекеттик каттоо жүргүзсүн;
— баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда «Кавак» улуттук компаниясы" ААКтын уюмдаштыруу чыгарылыштагы акцияларынын мамлекеттик каттоосун камсыз кылсын.