COVID-19. Бир суткада 20 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

09:31, 10 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 10-мартка карата коронавирус дагы 20 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 12, Чүй облусунда — 4, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 27 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 7, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Ысык-Кол облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 133 бейтап, амбулатордук түрдө 249 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 691 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 761 киши айыгып чыкса, 2 миң 970 адам каза болду.