19:26
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

COVID-19. Бир суткада 13 кишиден вирус аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда 9-мартка карата коронавирус дагы 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 12, Жалал-Абад облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 21 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 1, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 146 бейтап, амбулатордук түрдө 244 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 671 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 734 киши айыгып чыкса, 2 миң 969 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар