Турсунбек Акун кайра Акыйкатчылык кызматка аттанууда

14:05, 01 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Турсунбек Акун кайра Акыйкатчылык кызматка аттанууда. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясы сунуштады.

Белгилей кетсек, Турсунбек Акун 2008-2013-жылдары Акыйкатчи институтун жетектеген. 2013-жылы ал кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда бошотууга катышкандыгы үчүн кызматтан алынган.

Азиз Батукаевдин иши азыр сотко каралууда. Кримтөбөл өзү 2013-жылдан бери Чечнияда жашап келет.