Украинадагы казакстандыктарды эвакуациялоо үчүн Польшага алгачкы учак жөнөтүлдү

17:20, 28 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Украинадагы казак жарандарын эвакуациялоо үчүн Атырау шаарынан Польшанын Катовице шаарына «Эйр Астана» авиакомпаниясынын алгачкы учагы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети кабарлады.

«179 орундуу А321 учагы 28-февраль күнү эртең менен учуп кетти. Казакстанды көздөй кайра Катовице убактысы боюнча саат 10:30да чыгат деп күтүлүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Жарандык авиация комитетинен белгилешкендей, казакстандыктарды эвакуациялоо боюнча экинчи каттам 1-мартта аткарылат деп пландалууда.

25-февралда Казакстандын Украинадагы элчиси Дархан Калетаев казак жарандарын эвакуациялоо каттамдарын 26-февралда аткаруу боюнча «Эйр Астана» авиакомпаниясы менен макулдашылганын билдирген. Бирок кийинчерээк казакстандыктар бараткан транспорт украин-польша чек арасында тыгынга кабылып, каттам кийинкиге жылдырылганы белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 28-февралда Киевдеги дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдынан Львов шаарына 50 орундуу дагы бир автобус каттамы уюштурулат.

27-февралга карата Казакстандын элчилигине Украинадан эвакуациялоо өтүнүчү менен 630дан ашык казак жараны кайрылганы белгилүү болгон. Жалпысынан Украинада 1,5 миңден ашык казакстандык туруктуу же убактылуу консулдук каттоодо турат.