Доллар кайрадан кымбаттай баштады

10:45, 28 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Дем алыш күндөрү доллардын курсу көтөрүлүп, күйүүчү май да кымбаттады. Ал эми алтын куймалар арзандаганы маалым болду.

Жума күндүн таңына салыштырмалуу доллар менен евронун курсу бир нече сомго кымбаттаган. АКШ акчасын сатып алуу 91,65 сом болсо, сатуу — 92,78 сом. Еврону 102,2 сомдон сатып алышып, кайра 100,4 сомдон сатып жатышат. Ошол эле учурда рубль менен теңгенин баасы төмөндөгөн. Мисалы, рублди сатып алуу 0,7 сомго барабар болуп калды.