Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу алып кетет

09:29, 28 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан Украинадагы өз жарандарын Польша аркылуу мекенине алып кетет. Бул тууралуу Өзбекстандын Киевдеги элчилиги билдирди.

«Польшанын тиешелүү ведомстволору Польшанын мамлекеттик чек арасынан Өзбекстан жарандарынын визасыз өтүшүнө макул болушту», — деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан жарандары жанына паспорт жана башка документтерин алып жүрүшү керек.

Элчилик тизме түзүүдө аялдарга, балдарга, студенттерге жана улгайган кишилерге артыкчылык берилерин эскертти.

24-февралда Украинада 4300дөй өзбекстандык жаран бар экенин айтылган. Алардын тизмеси дагы такталууда.