Жо Байден Орусияга жаңы санкциялар салынганын жарыялады

09:37, 25 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

АКШнын президенти Жо Байден 24-февралда Орусиянын Украинага кол салышы боюнча билдирүү жасап, Москвага жаңы санкциялардын топтому салынганын жарыялады.

Ал анын ичинде Орусиянын активи бир триллион доллардан ашкан ВТБ банкы Кошмо Штаттардын финансылык системасынан ажыратылганын кабарлады. Мындан сырткары СберБанк, «Газпромбанк», «Открытие», Совкомбанк жана Новикомбанкка дагы санкция салынды. Байден, жаңы чектөөлөр орус олигархтарына жана ал өлкөнүн технологиялык секторуна да терс таасир этерин кошумчалады.

"Путин согушту тандап алды. Ал жана Орусия мындан аркы кесепеттерди эми жон териси менен сезет. Бул санкциялар дароо жана убакыттын өтүшү менен орус экономикасына олуттуу таасир этет",-деди Байден.

Жо Байден дүйнөдө бир өлкөдөн экинчи өлкөгө акча которууну ишке ашырган SWIFT системасынан Орусиянын банктарын ажыратуу азырынча күн тартибинде жоктугун ортого салды. Буга чейин украиналык жетекчилик орус банктарын куду ушул системадан чыгарып салууну Батыш өлкөлөрүнөн суранып жаткан.

Мунун алдында Канаданын, Британиянын жана европалык өлкөлөрдүн лидерлери да билдирүү жасап, Орусияга жаңы санкциялар салынганын жарыялашкан.