10:30
USD 89.43
EUR 97.22
RUB 0.97

COVID-19. Бир суткада 25 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 25-февралга карата коронавирус дагы 25 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Чүй облусунда — 12, Талас облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 132 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 68, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 199 бейтап, амбулатордук түрдө 905 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 427 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 796 киши айыгып чыкса, 2 миң 952 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар
23-февраль, жума
22-февраль, бейшемби