Бишкектин төрт районун нукура кыргызча атоо сунушталды

17:31, 22 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектин төрт районун нукура кыргызча атоо сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков билдирди.

Анын айтымында, 1-май, Свердлов, Ленин жана Октябрь райондорунун аталышын өзгөртүү керек.

«Бул боюнча сунуштар бар. Мыйзам чегинде карап чыкканга даярбыз. Эки көчө боюнча сунуш киргизилген», — деп жооп берди Бишкек шаарын мэри Айбек Жунушалиев.