Кыргыз-казак чек арасында 180дей жүк ташыган унаа кезекте турат

12:17, 22 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде ушул тушта 180дей жүк ташыган унаа кезекте турганын билдирди. Маалыматка ылайык, 60тай унаа жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат.

Чек ара кызматы жүк ташыган унаалар Казакстанга «Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.