21:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

COVID-19. Бир суткада 31 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирус дагы 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 9, Чүй облусунда — 16, Ысык-Кол облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 159 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 83, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 24, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 16, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 11 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Баткен облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 220 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 368 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 947 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар