08:45, 21 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 21-февралга карата коронавирус дагы 15 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Ош облусунда — 5 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 119 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 65, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 7, Баткен облусунда — 9 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 235 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 366 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 337 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 218 киши айыгып чыкса, 2 миң 946 адам каза болду.