11:49, 18 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Бишкекте маршрутка айдоочусу окуучу кызды жөө кишилер өтчү чийинден коюп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Жол кырсыгы болгон учур камерага түшүп калган.
«17-февраль күнү саат 17:00дөр чамасында № 138 маршруттун айдоочусу Ден Сяопин жана Каракум көчөлөрүнүн кесилишинен 11 жаштагы окуучуну кагып кетти. Жабырлануучу № 3 шаардык ооруканага жеткирилди», — деп айтылат билдирүүдө.