09:32, 18 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 18-февралга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 20, Чүй облусунда — 14, Талас облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 191 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 130, Чүй облусунда — 20, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 11, Баткен облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бирден бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 333 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 622 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 255 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 792 киши айыгып чыкса, 2 миң 939 адам каза болду.