Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды

09:33, 17 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова КыргызстандынТүштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

46 жаштагы Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп 2020-жылдын апрелинен августуна чейин иштеген. Коронавирус пандемиясына даярдык көрүүдөгү ызы-чуудан улам кызматын убактылуу тапшырган.