09:26, 17 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 17-февралга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 10, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 7, Жалал-Абад облусунда — 2, Баткен облусунда — 3 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 216 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 160, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 11, Ысык-Көл облусунда — 14, Жалал-Абад облусунда — 13, Баткен облусунда — 3 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 353 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 754 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 214 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 601 киши айыгып чыкса, 2 миң 937 адам каза болду.