Баткенде чек ара боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыкталды

09:57, 16 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Баткенде 10-15-февралда Баткен шаарында Кыргызстандын жана Тажикстанстандын  кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар калган тилкелердеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара линиясынын өтүүсү маселеси тууралуу пикир алышып, талкууну Тажикстан Республикасынын аймагында өтүүчү келерки жолугушууда улантууну макулдашты. 

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.