09:16, 16 февраля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 16-февралга карата коронавирус дагы 54 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 25, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда — 10 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 207 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 154, Ош шаарында — 6, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 5, Талас облусунда — 5, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки, Ысык-Көл облусунда бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 378 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 910 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 175 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 193 миң 385 киши айыгып чыкса, 2 миң 935 адам каза болду.