Садыр Жапаров иш сапары менен Чүй облусуна барат

10:10, 15 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы аймактын өнөр жай ишканаларын кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Ошондой эле, Садыр Жапаров жолдордун курулушунун жүрүшү менен да таанышаары күтүлүүдө.