Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолукту

12:45, 11 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек ортопедия жана травматология борборунун мурдакы директору Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолукту. Бул тууралуу маалыматты ал өзү 24.kg агенттигине ырастады.

Анын айтымында, президентке оорукананын айланасындагы кырдаалды түшүндүрдү.

«Эми биз президенттин чечимин күтөбүз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сакто министрлиги Бишкек ортопедия жана травматология борбору жоюлуп, анын ордуна Тез жардам кызматынын ооруканасын түзгөн.